АЛЬМАНАХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬМАНАХ (ар. аль-манах – календарь) – 1) коомдук иштердин ар кандай тармагындагы, көбүнчө адабий жаңылыктар, илимий жетишкендиктер, мыйзамда болгон өзгөрүүлөр ж. б. жөнүндө маалыматтар берилген жыйнак (альманахтын бул түрү календарь-маалыматтамага окшош); 2) адабий альманах – көбүнчө кандайдыр бир окшоштуктары (тематикасы, жанры, идеялык көркөмдүгү ж. б.) боюнча түзүлгөн адабий чыгармалардын жыйнагы. 18-кылымдын орто ченинде Францияда, 18-кылымдын аягында Россияда чыга баштаган. Кыргызстанда 1950-жылдан кийин жаш калемгерлердин «Кыргызстан», «Учкун», «Көктөм» альманахтары чыгып келген.