АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ, о к с о к а р б о н к и с л о т а л а р ы же о к с и к и с л о т а л а р – молекулаларында карбоксил (СООН) тобунан башка альдегид же кетон (С=0) топтору бар органикалык бирикмелер. Бул топтун өз ара жайгашышына карата а-, β-, ү - жана башка оксокарбон кислоталары деп айырмаланат. Алкан карбон кислоталарына салыштырганда күчтүүрөөк кислоталык касиетке ээ. Алар СООН жана СО топторуна мүнөздүү реакцияларга кирет. Альдегид кислотасынын эң жөнөкөйү – глиоксил кислотасы (СНОСООН). Ал түссүз, килкилдек коюу суюктук. Көбүнчө чала бышкан мөмөдө, жемиште болот. Кетон кислоталарынын эң жөнөкөйү - пирожүзүм кислотасы СН3СОСООН түссүз, уксус кислотасы сыяктуу кескин жыты бар суюктук.