АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:14, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
оксокарбон кислоталары же оксикислоталар – молекулаларында карбоксил (СООН) тобунан башка альдегид же кетон (С=0) топтору бар орг. бирикмелер. Бул

топтун өз ара жайгашышына карата а-, (3-, ү ж. б. оксокарбон к-талары деп айырмаланат.Алканкарбон к-таларына салыштырганда күчтүүрөөк к-талык касиетке ээ. Алар СООН ж-а СО топторуна мүнөздүү реакцияларга кирет. Альдегид к-тасынын эң жөнөкөйү – глиоксил к-тасы (СНОСООН). Ал түссүз, килкилдек коюу суюктук. Көбүнчө чала бышкан мөмөдө, жемиште болот. Кетон к-таларынын эң жөнөкөйү -пирожүзүм к-тасы СН3СОСООН түссүз, уксус к-тасы сыяктуу кескин жыты бар суюктук.