АЛЬБУМИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АЛЬБУМИНДЕР – to АЛЬБУМИНДЕР) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБУМИНДЕР - жаныбар менен өсүмдүк ткандарынын курамына кирүүчү жөнөкөй белоктор. Жумуртканын агында, кан менен сүттүн сары суусунда, өсүмдүк уругунда болот. Сууда, туздуу эритмеде, кислоталарда жанa жегичтерде эрийт. Альбуминдер кондитер жанa текстиль өндүрүшүндө, медицинада колдонулат.