АЛЬБОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБОМ (фр. album – ак таблица, тизмек) – сүрөт тартуу, марка чаптоо, фотосүрөттөрдү сактоо, ырларды көчүрүп жазуу ж. б. максаттар үчүн колдонулуучу таза барактуу китеп же дептер (мисалы, үй-бүлөлүк альбом); көп учурларда түшүндүрмө жазуу менен коштолуп, китеп түрүндө басылып чыккан репродукция, фотосүрөт, чиймелердин жыйнагы. Учурда заманбап технологиялык каражаттардын өнүгүүсүнүн натыйжасында мобилдик телефондон же компьютердин жардамы менен да ар түрдүү автордук баракчаларды жасаса болот.