АЛЬБОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБОМ (фр. album – ак таблица, тизмек) – сүрөт тартуу, марка чаптоо, фотосүрөттөрдү сактоо, ырларды көчүрүп жазуу ж. б. максаттар үчүн колдонулуучу таза барактуу китеп же дептер (мис., үй-бүлөлүк альбом); көп учурларда түшүндүрмө жазуу м-н коштолуп, китеп түрүндө басылып чыккан репродукция, фотосүрөт, чиймелердин жыйнагы. Учурда заманбап технологиялык каражаттардын өнүгүүсүнүн натыйжасында мобилдик телефондон же компьютердин жардамы м-н да ар түрдүү автордук баракчаларды жасаса болот.