АЛЬБИТОФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБИТОФИР, кератофир – структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. Альбитофирдин порфирдик бүртүкчөлөрү жанa майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит жана андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. Альбитофир көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.