АЛЬБИТОФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБИТОФИР, кератофир – структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. А-дин порфирдик бүртүкчөлөрү ж-a майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит ж-a андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. А. көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.