АЛЫМКУЛОВА Сынар Кадыровна
АЛЫМКУЛОВА Сынар Кадыровна [15. 10. 1959, СССР, РСФСР, Тоолуу-Алтай Автономиялуу облусу (азыркы Россия Федерациясы, Алтай Республикасы), Кош-Агач (алт. Кӧжӧӧ-Агаш) аймагы, Көк-Өрү (алт. Кӧгӧрӱ) кыштагы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2014). 1984-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1991–1999-жылдары Кыргыз мамлекеттик музейинде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, окумуштуу катчы, илим боюнча директордун орун басары, 1999-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы, 2011-жылдан профессордун милдетин аткаруучу, профессор. «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесине мүчө (2012). 2017–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперти. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия мүчөсү. Эл аралык Туруктуу Алтай таануу конференциясынын (PIAC) 61-отурумунун президенти (2018-жылдын август-сентябры, Бишкек-Чолпон-Ата). Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы (2007). Кыргыз, алтай жана кыпчак таануу, түрк элдеринин этнографиясы, музей таануу жаатында адис.