АЛЫМКУЛОВ Келдибай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМКУЛОВ Келдибай (11.1.1943-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Герей-Шорон айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1998). КМУну (1964), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1969) бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, КР УИАнын Математика институтунда улук инженер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, «Дастан» университетинде профессор, ОшМУда профессор болуп иштеген (1999). Дифференциалдык теңдемелер боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Возмущенные дифференциальные уравнения с особыми точками и некоторые проблемы бифуркационных задач. Б., 1992.