АЛЫМБЕКТИН МЕДРЕСЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБЕКТИН медресеси– 19-кылымдын 50-жылдары Асан уулу Алымбек датка Ош калаасына Ак-Буура дарыясынын жээгине медресе салдырган. Медресенин үч дарсканасы, 28 намаз окуучу жайы жана жатаканасы болгон. 80–100дөй окуучу-молдолорду окуткан. Медресенин айланасында окуу жайдын соода дүкөндөрү жайгашкан. Соода-сатыктан түшкөн каражат медресенин муктаждыктарына жумшалган. Медреседе дин сабактары менен катар тарых, медицина, астрономия, география да окутулган. Өз убагында бул жерден көптөгөн билимдүү адамдар тарбияланып чыккан. Медресенин иши Октябрь революциясынан кийин токтолуп, атеисттик идеологияга байланыштуу 20-кылымдын 50-жылдарында бузулуп жок кылынган. Медресе Кыргызстандагы алгачкы билим берүү мекемеси катары маанилүү.