АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна
АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна (1953-жылы туулган, Тянь-Шань облусу, Нарын шаары) – инфекционист, медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (1998). КММИни (1977), СССР МИАнын эксперименттик медицина ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1984), КММИде клиникалык ординатор. Жугуштуу оорулардын профилактикасы жана экологиясы КИИИнин лаборатория башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер, кафедрада ассистент. 1998-жылдан КММАнын жана КРСУнун профессору. Илимий иштери хирургияда, гематологияда вирустун жугушуна арналган.