АЛЫБАЕВ Курманбек Сармаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫБАЕВ Курманбек Сарманович (1952-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2002). ОМПИни (1974), КМУнун аспирантурасын бүтүргөн (1980). ОМПИде окутуучу, орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директору, декан, ректордун милдетин аткаруучу, ЖАМУда сырттан окуу бөлүмү боюнча проректор (2000), ОшТУда проректор (2002-05) болуп эмгектенген. 2005-жылдан ЖАМУда окуу иштери боюнча проректор. Дифференциалдык тендемелер боюнча адис. 27ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Сингулярно возмущенные уравнения при нарушении условия устойчивости (в соавт.). Жалал-Абад, 2001.