АЛТЫСАР УЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:48, 14 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алтын зархы – 17–18-к-дагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. А. у. Кыргыз жеринин
түндүгүндөгү Июс ж-а Теңир-Көл өрөөндөрүндө жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар», «кичүү кыргыздар» деп аташкан. Монгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн. Ак ж-а Кара Июс д-нын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң
кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар ж. б. аймактардан турган.
О. Каратаев.