АЛТЫНДЫН БУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫНДЫН БУУСУ – керамикалык боёк. Курамынын 10-12%ы «суюк» жана күкүм сымал таза алтындын жана башка баалуу металлдардын (күмүш, платина) кошундусунан турат. Мындай алтын боёк 1825-жылы Массейнде (Германия) ойлонуп табылган. 1927-жылдан Дулевск фарфор заводунда (Россия) фарфор буюмдарына алтын жалатуу иштери жүргүзүлөт.