АЛТЫН кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Сарыгоо айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 16 км түндүк тарапта. 1920-ж. негизделген. Деңиз деңгээлинен 668 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 777 (2009); жашылча өстүрүүдө, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар.