АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:06, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 статикада – жөнөкөй

механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык ж. б.) жардамы м-н жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мис., рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед А. э-ни (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу ж-а бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.