АЛТЫН КАЗЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ʼАЛТЫН КАЗЫККичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (а-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш боюнча 1ⁿ, 8 миң жана жантаюу боюнча 89°01ʼ айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин темпрасы 7000°Кгe барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1ден 2,3кө чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар алтын казыкка салыштырылып аныкталат.