АЛТЫМЫШБАЕВ Жолочу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫМЫШБАЕВ Жолочу (1900, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көңдөй айылы – өлгөн жылы белгисиз) – педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1964). Педагогикалык техникумду бүтүргөн (1936). Ж. Алтымышбаев башталгыч класстарда мугалим (1919–44), Тоң райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1944–45), мектеп директору (1945–54), 1954-жылдан М. Горький атындагы орто мектепте (Бөкөнбаев айылы) мугалим болуп эмгектенген. Ленин ордени (1949) жана бир нече медалдар менен сыйланган.