АЛТЫКЕЕВ Чотур

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫКЕЕВ Чотур (1905, Чүй обл., Сокулук р-ну – 1986, ошол эле жерде) – бадачы, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950). 1933-65-ж. Сокулук р-нундагы Фрунзе атн. совхоздо музоочу, уйчу жана бригадир болуп эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал өз карамагындагы 120 инек уйдун кунардуулугун арттырып, бир нече жыл бою ар уйдан 3000 кгдан ашык сүт саап алган. Алатоо уюн. чыгарууга катышкан. Ленин ордени менен сыйланган.