АЛМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАН ‒ элден чогултулган салык, алым. 1) жоокерчилик заманда душманды жеӊүү үчүн согуштук курал-жаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен калк каражаты. Согушта жеӊген тарап жеӊилген тараптын элинен олжо түрүндө алман чогултуп, жеӊген эл бөлүп алган; 2) бир элдин жери аркылуу өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдөн, жортуулчулардан, соодагер-кербенчилерден, көчтөн да азык-түлүккө зыян келтирилди деген доомат менен алман алынган.