АЛМАЛЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЛЫ ЗАКАЗНИГИ ‒ Чүй облусунун Жайыл районундагы ботаникалык корук аймак. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Сосновка кыштагынан түштүк-батышта. Аянты 100 га. Табигый шартта жакшы өсүп жана көбөйүп жаткан кыргыз алмасынын жана жаӊгактын ареалдарын коргоо максатында 1978-жылы уюшулган.