АЛМАЛУУ кыштагы (Токтогул району)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЛУУ ‒ Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Аралбаев атындагы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Токтогул шаарынан 110 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 330 км. Деӊиз деӊгээлинен 1320 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1 015 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.