АЛМАЛУУ кыштагы (Токтогул району)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЛУУ ‒ Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-ндагы кыштак. Аралбаев атн. айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Токтогул ш-нан 110 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 330 км. Деӊиз деӊг. 1320 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1075 (2009); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.