АЛМАЛУУ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЛУУ ‒ Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Ысык-Ата айыл аймагынын борбору. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 34 км түштүк тарапта жайгашкан. 1931-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1549 (2022); негизинен мал чарбасында жана жашылчачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бала бакча, 2 ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.