АЛЛЮЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛЮЗИЯ (лат. allusio ‒ белги берүү, жаӊсоо) ‒ жалпыга белгилүү өткөн окуялар же фактылар тууралуу белги берүү. Автор учурдагы коомдук-саясий абалга, кырдаалга карата өз оюн тике айтпай же цензурадан жашыруу үчүн өткөн бир окуяларды өз чыгармасында кыстарып кетиши мүмкүн, мына ушул көрүнүш Аллюзия же реминисценция кубулушу деп аталат.