АЛЛИЛХЛОРИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛИЛХЛОРИД, х л о р д у у а л л и л, CH2=CH‒CH2CI ‒ органикалык бирикме. Молекулалык салмагы 76,53, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 44,96 °C, тыгыздыгы 938 кг/м3(20 °C). Сууда начар 0,36% (20 °C), көпчүлүк органикалык эриткичте жакшы эрийт. Аллилхлорид кош байланыш аркылуу кошуп алуу жана молекуласындагы хлорду башка атомдордун топтору (OH, NH2, CN ж. б.) менен орун алмашуу реакцияларына оӊой кирет. Суу, спирт, кумурска к-талары менен азеотроп аралашмасын пайда кылат. Аллилхлорид пропиленди 500‒550°Cде хлорлоодон алынат: CH2=CH‒CH3+CI2→ CH2=CH‒ ‒CH2CI+HCI. Ал глицерин, дары-дармек, инсектицид жана кээ бир пластмасса синтездөөдө колдонулат.