АЛЛЕРГОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:46, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

[АЛЛЕРГОЛО́ГИЯ]

‒ медицинанын аллергия ооруларынын пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин, клиникалык белгилерин изилдөөчү ж-а анын алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. А. иммунология м-н тыгыз байланышта. 20-к-дын 1-жарымында бүт дүйнөдө аллергия ооруларынын өсүшүнө байланыштуу А. өз алдынча илим катары бөлүнүп чыкты.