АЛКОГОЛЯТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛКОГОЛЯТТАР ‒ спирттин гидроксид тобундагы суутек атому металлдар менен орун алмашуусунан пайда болгон туз сымал органикалык бирикмелер. Алар спиртте жеӊил эрүүчү, ным тарткыч катуу заттар. Бир атомдуу спирттердин жалпы формуласы M(OR)n, мында n‒металлдардын кычкылдануу даражасы. Бир атомдуу спирттер менен жегич, жегич жер металлдарынын алкоголяттары иондук бирикмелер, ажыроо t 200‒300 °C. Спиртте жана суюк NH3тө жакшы эрийт. Спиртке металл таасир этүүдөн алынат: 2C2H5OH+2Na→2C2 H5ONa + H2. Ар түрдүү органикалык бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.