АЛКИЛСУЛЬФАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛКИЛСУЛЬФАТТАР ‒ алкилкүкүрт к-тасынын тех. аталышы. Жалпы формуласы: R2OSO3M., мында R‒биринчилик же экинчилик радикал, M‒Na, NH3 ж. б. Сууда эригенде А. коллоиддик эритмени пайда кылат. Алар анча уулуу эмес, эӊ жакшы кир кетиргич заттар, жегич эритмеге, к-тага, шор суунун таасирине туруктуу. Полимерлешүү реакцияларында эмульгатор, полимерлердин антиоксиданттары катары жибекти жумшартууда колдонулат.