АЛИППЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИППЕ ‒ окууга, жазууга үйрөтүүчү ж-а сөз байлыгын арттырып, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү окуу куралы; 1-класстын окуу китеби. Окуучунун эӊ алгачкы окуу энциклопедиясы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-чөйрө, Ата журт, анын улуттук ыйык символдору, тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурда түрдүү тармактагы жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды

Файл:АЛИППЕ77.png

өзүнө топтоо м-н ага таанытат. И. Арабаев түзгөн кыргыздын туӊгуч алиппеси 1924-ж. реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Бүгүнкү күндө(2006) кыргыз мектептеринде он үчүнчү «А» колдонулууда. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзөт, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар»,

Файл:АЛИППЕ78.png

«Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.