АЛИППЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИППЕ ‒ окууга, жазууга үйрөтүүчү ж-а сөз байлыгын арттырып, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү окуу куралы; 1-класстын окуу китеби. Окуучунун эӊ алгачкы окуу энциклопедия

�ы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-ч өйрө, Ата журт, анын улуттук ыйык символдору, тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик

Файл:АЛИППЕ77.png

таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурда түрдүү тармактагы жетиш кендиктери тууралуу маалыматтарды өзүнө топтоо м-н ага таанытат. И. Арабаев түзгөн кыргыздын туӊгуч А-си 1924-ж. реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Бүгүнкү күндө

Файл:АЛИППЕ78.png

(2006) кыргыз мектептеринде он үчүнчү «А» колдонулууда. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзөт, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар », «Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.