АЛИНАЗАРОВ Садык

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИНАЗАРОВ Садык [1914, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) ‒ 7. 3. 1969] ‒ Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон.

Файл:АЛИНАЗАРОВ76.png

1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оӊ жээгине плацдарм курган советтик жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарган. Ошондогу эрдиги үчүн Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек шаарында эмгек жолун кайрадан уланткан.