АЛИМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ(Anaemia alimentaris) ‒ малдын кан пайда кылуучу органдарында темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон ылаӊ. Аны м-н көбүнчө жаш мал ылаӊдайт. Бул ылаӊ мал организминде темир жетишпегенде, айрыкча малды караӊгы, булганч, ысык короо-жайларда бакканда пайда болот. Ылаӊдаган төлдүн көзү киртийип, оозу кубарып, демигип, бат чарчайт. Дарылоодо темир, жез, кобальт бар заттар колдонулат. Ылаӊды алдын алуу үчүн белок, витамин, минерал заттары ж-а микроэлементтери мол тоют м-н кошумча тоюттандырылып, короо-жай зоогигиена талабына ылайык болууга тийиш.