АЛИМБАЕВ Берик Каримович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИМБАЕВ Берик Каримович (30. 12. 1936, Фрунзе ш.‒ 20. 6. 2016, Бишкек) ‒ бийчи, педагог, балетмейстер, КРдин эл артисти (1992). 1947‒56-ж. Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы окуу жайында окуган. 1956-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында бийчи, 1958-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында классикалык бий б-ча педагог, 1972-жылдан балетмейстер-репетитор. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, советтик композиторлордун балеттеринен башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Дезиренин, «Дон Кихоттон»

Файл:АЛИМБАЕВ72.png

Базилиянын, «Баядеркадан» жоокер Солордун, «Куйручуктан» Куйручуктун, «Аселден» Ильястын, «Саманчы жолунан» Касымдын ж. б. ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, КМШ өлкөлөрүнүн чоӊ шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери м-н «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. Бир нече медалдар м-н сыйланган.