АЛИЗАРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЗАРИН (1,2-д и о к с и а н т р а х и н о н), С14Н8О 4 ‒ саргыч кызыл түстөгү ийнече түрүндөгү кристалл зат. Молеклалык салмагы 240,20; эрүү t 200°C, кайноо t 430°C, сууда эрибейт, бензолдо, уксус кислотасында, пиридинде жакшы эрийт. Ализарин ‒ эӊ байыркы боёк зат. Ал марена өсүмдүгүнүн тамырында гликозиддер түрүндө кездешет. Ализарин көп валенттүү металлдардын (Аl, Са ж. б.) иондору менен түстүү туздарды пайда кылат. Ал баалуу боёкторду даярдоодо жана анализдик химияда колдонулат.