АЛИЗАРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЗАРИН (1,2-д и о к с и а н т р а х и н о н), С14Н8О 4 ‒ саргыч кызыл түстөгү ийнече түрүндөгү кристалл зат. Мол. салмагы 240,20; эрүү t 200°C, кайноо t 430°C, сууда эрибейт, бензолдо, уксус к-тасында, пиридинде жакшы эрийт. А. ‒ эӊ байыркы боёк зат. Ал марена өсүмдүгүнүн тамырында гликозиддер түрүндө кездешет. А. көп валенттүү металлдардын (Аl, Са ж. б.) иондору менен түстүү туздарды пайда кылат. А. баалуу боёкторду даярдоодо жана анализдик химияда колдонулат.