АЛИЕВ Сатыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Сатыбек (10. 5. 1938, Чүй обл., Чүй р-ну, Кегети айылы ‒ 7. 11. 2005, Бишкек) ‒ «Манас» эпосун жыйноочу, изилдөөчү, КРдин илим жана техника б-ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). КМУУнун филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан КР УИАсынын Тил жана адабият институтунда, кийин Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында иштеп, «Манас энциклопедиясын» даярдоого активдүү катышкан. Белгилүү манасчылар б-ча илимий-изилдөөлөрү «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (1988) аттуу китепке кирген.