АЛИЕВ Осмонкул
АЛИЕВ Осмонкул Эгембаевич [20. 03. 1903, Россия империясы, Сыр-Дарыя (азыркы Чүй) облусу, Олуя-Ата уезди (азыркы Жайыл району), Талкан болуштугу, №4 Аспара (азыркы Чолок-Арык) айылы ‒ 05. 11. 1938, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) ‒ мамлекеттик жана саясий ишмер. Меркедеги жергиликтүү орус-тузем мектебин (1913‒1916), Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) реалдуу (табият илимдер) окуу жайын (1917), Ташкент шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтун (1919‒1923), Москва шаарыдагы Свердлов атындагы Коммунисттик университетин (1930) бүтүргөн. 1919-жылдан «Жумушчулар союзуна» мүчө. Казак-кыргыз университетинде окуп жүрүп, ошол эле учурда комсомолдун Ташкент шааркомунда бөлүм башчы болуп иштеп турган. Сыр-Дарыя обустук жана Олуя-Ата шаардык комитеттеринде комсомолдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун комсомолду уюштуруу бюросунун жооптуу катчысы (1922–1924).

«Эркин-Тоо» гезитинин (1924‒1926), «Коммунист» журналынын (1926) биринчи редактору. 1930‒1931-жылдары Кыргыз АССРинин стандын эл агартуу комиссары, 1932‒1933-жылдары ВКП(б) Ош округкомунун 1-секретары, 1934‒1936-жылдары ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Ош райкомунун 1-секретары болуп иштеген. 1937-жылы кайрадан Кыргыз ССР эл агартуу комиссары, ошол эле учурда«Маданий майдан» журналынын редактору жана Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин Мамлекеттик терминологиялык комиссиясынын төрагасы. 1937-жылы 8-августа Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин бюросунда каралаган жалган жалаага байланыштуу партиядан чыгарылып, бардык кызматынан алынган. 1957-жылы акталып, сөөгү 1991-жылы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган.
Ад.: Курманов З. К. Национальная интелегенция 20–30 годов (вклад в возрождение государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом). Б., 2007.