АЛИЕВ Кеңеш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:23, 14 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Кеӊеш (1938-жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок-Арык айылы) ‒ хормейстер, профессор (1992), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөӊкөев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1959), Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтун (1964) бүтүргөн. 1964‒1969-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында хормейстер, 1969-жылдан башкы хормейстер, бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу, хор дирижёру кафедрасынын

башчысы болуп иштеген. Ал 50дөн ашык опера спектаклдериндеги («Кармен», «Русалка», «Отелло», «Манас» жана башкалар) хорлорду жогорку деӊгээлде даярдаган. 1975-жылы К. Алиевдин жетекчилиги менен Кыргыз радиосунун хору уюшулган. Бир нече медалдар менен сыйланган.