АЛИЕВ Бакирдин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Бакирдин (10. 10. 1933-жыл, Нарын облусу, Жумгал району, Суусамыр айылы ‒7. 4. 2014-жыл, Бишкек шаары) ‒ актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1979). 1955-жылы Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн. 1955‒1962-жылдары Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык-драма театрында, 1994-жылдан Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенген. Б. Алиев ар түрдүү мүнөздөгү ролдорду жогорку чеберчиликте аткарган. Ролдору: Токтогул (Б. Жакиев, «Миӊ кыял»),Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Яго, Лорд (У.Шекспир, «Отелло», «Виндзордук ойсокелер»),

Файл:АЛИЕВ66.png

Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» ), Плетнов (Н. Анпилов, «Жоокердин жесири»), Хан (Б. Үсөнкулов, «Карагайлуу булак»), Ганибай-аке (Саид Ахмат), Инзин (Б.Өмүралиев, «Найман эне»), Барпы (М. Борбугулов, «Барпы») жана башка. «Махабат жаӊырыгы», «Уркуя», «Айсулуунун талаасы», «Мен ‒ Тянь-Шань», «Эски тегирмен», «Ээн калган өрөөн», «Айыл өкмөтү» тасмаларына, «Чиркин өмүр», «Сокур кемпир көрөгөч», «Жаӊырык» телесериалдарына тартылган.