АЛЕКСАНДРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДРОВКА ‒ Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Александровка айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Беловодский (Ак-Суу) кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. 1882-жылы отурукташкан. Калкы 12 805 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, оорукана, бейтапкана, дарыкана, маданият үйү, кинотеатр, 3 китепкана, дүкөн, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Я. Ж. Шиваза туулган.