АЛЕКСАНДРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДРИТ‒ минерал; хризобериллдин бир түрү. Химиялык формуласы ИeAl2O4. Кошунду катары 0,5%ке чейин Cr2O3 кездешет. Өӊү кочкул жашыл, электр жарыгында кызгылт көк. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 8,5. Салмагы 3,5‒3,74. Александрит пегматиттерде, грейзендерде болот. Александрит ‒ кымбат баалуу асыл таш.