АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ (Кичи Азиядагы Афродисие шаарынан, 2‒3-кылым) ‒ байыркы грек философу, Афиныдагы перипатетикалык мектептин башчысы, Аристотелдин комментатору. Теӊир руху адам жанын мекендеши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жандын өлбөстүгүн четке каккан. «Жан жөнүндө» деген чыгарманын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нус) концепциясын өнүктүргөн. Ал орто кылымдагы араб жана еврей философиясына таасирин тийгизген. Анын комментарийлери эмдигиче илимий маанисин сактап келүүдө.

                                                                                                                       Ш. К. Алиева.