АЛЕКСАНДР III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДР III (26. 2. 1845, Санкт-Петербург ‒ 20. 10. 1894, Ливадия, Крым) ‒ Россиянын императору (1881‒1894). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жергиликтүү жана борбордук бийликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земстволук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, университеттердин укугун чектеген жана цензураны күчөткөн. Анын учурунда Орто Азия толугу менен Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-жылы Петербург шаарында өткөн Александр IIIнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстандан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта Александр III Франция менен жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891‒1893).