АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮКалгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. Алгебралык көп түспөлдүүлүктүн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алгебралык аффиндик жана проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган алгебралык көп түспөлдүүлүк ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Немец математиги А. Вейль алгебралык көп түспөлдүүлүк дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу алгебралык көп түспөлдүүлүк талаасындагы аффиндик алгебралык көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган W ачык көптүгү (WМ Va) тиешелүү түрдө ачык WМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (W) көптүктөргө бөлүнгөн.
Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.