АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР (Protostomia) ‒ эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, башкача айтканда дене көӊдөйүн сырткы чөйрө менен бириктирип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмарлуу жаныбарлардын систематикалык тобу. Оозу денесинин алдыӊкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан; арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хитин же раковина түрүндө. Ичеги эктодермадан өсүп, борбордук нерв системасынын ишин нерв түйүндөрү аткарат. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери алгачкы ооздууларга кирет. Мисалы, жалпак, жумуру, шакек, балык курттар, немертиндер, моллюскалар, муунак буттуулар.