АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР (Protostomia) ‒ эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, б. а. дене көӊдөйүн сырткы чөйрө м-н бириктирип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмарлуу жаныбарлардын систематикалык тобу. Оозу денесинин алдыӊкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан; арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хитин же раковина түрүндө. Ичеги эктодермадан өсүп, борб. нерв системасынын ишин нерв түйүндөрү аткарат. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери А. о-га кирет. Мис., жалпак, жумуру, шакек, балык курттар, немертиндер, моллюскалар, муунак буттуулар.