АЛБАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛБАН ТИЛИ ‒ Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол менен палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-кылымга таандык. Негизги диалектилери: гег (түндүк) жана тоск (түштүк) 19-кылымдын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, граммат. түзүлүшү ‒ флективдүү. Албан тилинде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаӊы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп.

К. Саматов.