АЛАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАШ (эски, илгерки түрк сөзү ‒ боордоштор, кандаштар, туугандар) ‒ эзелки түрк элдеринде болгон түшүнүк. Орто кылымдарга, андан мурунку мезгилдерге таандык маалыматтарда казактын өз алдынча эл болуп, хандык курганга чейинки эски топторунун аталышы. Ошондой эле монгол-татар-казак санжыраларында Алаш (Алашы) хан тууралуу айтылат.